Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Апрель окуясы боюнча сот 17-февралда уланат


2010-жылдын 7-апрелиндеги шейиттерди эскерүү.
2010-жылдын 7-апрелиндеги шейиттерди эскерүү.

Бул тууралуу “Азаттыкка” апрель окуясында жабыркагандардын адвокаты Осунбек Жамансариев кабарлады. Анын айтуусунда, 17-февралга белгиленген сот отурумунда тараптар жарыш сөзгө чыгышат. Ишти Республикалык Аскер гарнизондук соту экинчи инстанцияда кароодо.

2014-жылдын 25-июлунда Бишкек гарнизонунун аскердик соту “Альфа” атайын бөлүгүнүн бардык кызматкерлерин актаган чечим чыгарган. Ал эми мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою сыртынан эркинен ажыратылса, мурда жогорку кызматта жүргөн бир катар кызматкерлер 10 жылдан 25 жылга чейин кесилген. Эки тарап тең мындай чечимге макул болбой жогорку инстанцияга доо арыз жолдошкон.

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү 2010-жылдан бери уланып келатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG