Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:06

Быйыл ветеринардык кызматка кошумча 70 млн сом бөлүнөт


2016-жылы республикалык бюджеттен ветеринардык кызматка кошумча 70 млн сом каражат бөлүнмөй болду. Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчы Темир Сариев парламентте жазгы талаа иштери боюнча маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы эпизоотикалык туруктуулукту сакташ үчүн 61 млн сом бөлүнгөн. Премьер-министр өкмөт аталган кызматка колдоо көрсөтөрүн жана малды эмдөө маселеси күчөтүлөрүн айтты.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин ветеринардык жана фитосанитардык талаптар күчөдү. Кыргызстанга карата биримдиктин ветеринардык чектөөлөрү алына элек. Ушул тапта Кыргызстанда өлкөдөгү ветеринардык абалды, мыйзамдык базаны жана жалпы системаны иликтөө үчүн Эл аралык эпизоотикалык бюронун эксперттери иштеп жатат.

12-февралга чейин өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, жергиликтүү адистер менен жолугуп, абал менен таанышкан эл аралык эксперттер бир айдын ичинде өздөрүнүн баасын беришет.(КЕ)

XS
SM
MD
LG