Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Медведев "жаңы дүйнөлүк согуш" коркунучун эскертти


Дмитрий Медведев
Дмитрий Медведев

Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев эгер Сирия кризиси чечилбесе жана ага АКШ менен араб өлкөлөрүнүн кургактагы аскерлери киришчү болсо бул чатак "туруктуу" же дүйнөлүк согушка" айланып кетүү коркунучу тууларын эскертти. Медеведев бул тууралуу Германиядагы Handelsblatt гезитиндеги кечээки маегинде билдирип, Вашингтон менен Москва согуш отун өчүрүү үчүн ага тиешелүү бардык тараптарга өз таасирин колдонууга тийиштигин белгиледи.

Орус өкмөт башчысынын айтымында, эгер Сауд Арабия армиясы Сирияда АКШ баштаган жердеги операцияларга катышса согуш Ооганстан же "башка көптөгөн өлкөлөрдөгүдөй" токтобогон урушка айланып кетиши мүмкүн. Андыктан АКШ менен араб өлкөлөрү бул чатакка мындан ары да кийлигишүүдөн мурда кылдат ойлонуусу керек жана дүйнөлүк согуш отун тутантканча бардык тараптарды келишим жасоого мажбурлоо кажет.

БУУ менен Араб лигасына мүчө 17 мамлекеттин өкүлдөрүнөн куралган Сирияны колдоо тобу 11-февралда Мюнхенде Сирияда тынчтык орнотуу келишимине жетишкен. Келишим бир жумадан кийин күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG