Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:00

АКШ чалгын кызматы: Москва талиптер менен ымаланы бекемдөөдө


Талибандын колго түшкөн мүчөлөрү. Кабул, 5-январь, 2016-жыл
Талибандын колго түшкөн мүчөлөрү. Кабул, 5-январь, 2016-жыл

Орусия бийлиги талиптер менен ымаланы бекемдеп, аларга колдоону күчөтүп жатат. Бул тууралуу Associated Press агенттигине курган маегинде АКШнын чалгын кызматынын жооптуу өкүлдөрү айтышты.

Маалыматка караганда, өткөн жылы Ооганстандагы Кундуз провинциясын аз убакытта ээлеп алган талиптерге Орусия жардам бергени тууралуу далилдүү фактылар бар. Орусия талиптерге курал-жарак берүү менен катар аскерий даярдыктан өтүүгө да колдоо көрсөткөнү жазылат билдирүүдө.

“Куралдардын ичинде Орусияда гана иштелип чыккан жабдуулары менен Калашников автоматы да бар”,- дешет АКШ чалгын кызматынын өкүлдөрү.

Кремль буга азырынча комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG