Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Президент Москвада орус жаранын сактап калган кыргызстандыкты сыйлады


Марат Исаев
Марат Исаев

Президент Алмазбек Атамбаев Москвада адам өмүрүн сактап калган кыргыз жараны Марат Исаевди сыйлады. Ага мамлекет башчынын атынан сый белек катары саат жана акчалай сыйлык тапшырылмай болгонун бүгүн президенттин маалымат кызматынын башчысы Алмаз Үсөнов кабарлады:

- Президент Алмазбек Атамбаев белгилегендей, биздин мекендешибиз чукул кырдаалда жоопкер жарандын жана нукура азаматтын өрнөктүү сапатын көрсөттү.

Москвада курьер болуп иштеген Исаев 11-февралда полиция кызматкери Артем Королюк менен бирге метродо талмасы кармап, рельске кулаган орусиялык аялды жүрүп бараткан поезддин астына жатып куткарып калган.

Москвалык полиция кызматкери мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөнү расмий кабарланды, бирок ал сыяктуу эле өз өмүрүн тобокелдикке салып, жүрүп келаткан поезддин астына секирип түшкөн кыргызстандык тууралуу азырынча орус бийликтери үн ката элек. Жарандык активисттер кыргызстандык Марат Исаевге да Орусияда сыйлык берилиши керектигин белгилөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG