17-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы ыктымал, күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көлдүн акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7,
Таласта түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5,
Баткенде түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...+3,
Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -5...-10,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27, күндүз -10...-15.
Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 3…5.