Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:05

Соцфонд төлөмдөрү кайра төмөндөйт


Кыргызстанда Социалдык фондго төгүлүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери кайра каралып чыгып, төмөндөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Соцфонддун жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев билдирди:

- Көтөрүлгөндөрдү төмөндөтө турган болдук. Экономикалык кырдаалды, соода-сатыкты эске алуу менен.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун жетекчисин кабыл алып, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтерин кайра карап чыгууну талап кылган.

Мамлекет башчы эл пенсиянын көлөмү камсыздандыруу төлөмдөрүнө жараша болорун түшүнүп турганын, бирок азыркы система айылда жашаган эмгекчилердин шартын толук эске албай жатканын айтты. "Азыр чакан жер тилкеси барлар менен ири жер ээлеринин ортосунда орчундуу теңсиздик болуп жатат" деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы тиешелүү мыйзам долбоорун тез арада Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү талап кылды.

2015-жылдын июнунда кабыл алынган мыйзам менен социалдык төлөм кескин көбөйгөн. Социалдык фонд муну пенсиялык фонддун бюджетин толтуруу амалы катары сыпаттаган.

Бирок бул чечим жер-жерлерде элдин нааразылыгын жараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG