Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:07

Порошенко премьер менен баш прокурорду кызматтан кетүүгө чакырды


Петро Порошенко
Петро Порошенко

Украин президенти Петро Порошенко өкмөт башчы Арсений Яценюк менен башкы прокурор Виктор Шокинди элдин бийликке ишенимин калыбына келтирүү үчүн кызматтан кетип калууга үндөдү. Өлкө башчынын расмий сайтында жарыяланган кайрылууда азыр өкмөттү толук жаңылоо талашсыз болуп турганы белгиленген. Порошенконун сөзүнө караганда, министрлер кабинетин жаңылоо парламенттеги төрт фракция кирген башкаруучу коалициянын негизинде жүрүшү керек.

Мунун алдында Жогорку Радада өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөө үчүн кол топтоо башталганы кабарланган. Дүйшөмбү күнү кечинде "Петро Порошенконун блогу" фракциясы өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп тапкан. Бирок "Элдик фронт" фракциясы өкмөттү колдогон.

Ага чейин премьер-министр Арсений Яценюк өкмөт "бир команда" катары иштөөгө тийиштигин, эгер парламент колдобосо кызматтан кетиши керектигин билдирген.

Жогорку Рада өкмөткө ишеним көрсөтпөө резолюциясын кабыл алуусу үчүн 226 добуш зарыл.

XS
SM
MD
LG