Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Түркия Сирияда эл аралык операция жүргүзүүгө чакырды


Сирия чек арасына жакын жердеги түрк танктары.
Сирия чек арасына жакын жердеги түрк танктары.

Түркия эл аралык шериктештерин Сирияда чогуу кургактагы операция жүргүзүүгө чакырганын 16-февралда Стамбулда түрк бийлигинин жогорку даражалуу өкүлү журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Анкара Сирияда бир тараптуу аскерий иш-чараларды жүргүзбөйт, бирок жердеги операциясыз бул өлкөдөгү согушту токтотуу мүмкүн эмес.

Түрк өкмөтү беш жылга созулган согушту токтотууда Сирия президенти Башар Асадды бийликтен четтетүү - зарыл шарттардын бири деп эсептейт. Орусия менен Иран буга каршы.

Иран шейшембиде Дамасктын уруксатысыз өлкөгө сырттан кандайдыр бир аскер бөлүктөрү киргизилиши эл аралык эрежелерди бузарын эскертти. Сауд Арабия болсо "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы кургактагы операцияга катышуу үчүн Сирияга атайын даярдыктагы аскерлерин жиберүүгө даяр экенин айтты.

Акыркы күндөрү Орусиянын Башар Асадды колдогон аба соккуларынан аймактагы кырдаал курчуп кетти. Анкара Москванын бул кадамын "чектен ашкан мыкаачылык" деп баалады.

БУУ өкүлдөрү дүйшөмбүдө Сирия түндүгүндөгү беш медициналык мекеме менен эки мектепке урулган аба соккуларынан элүү чакты жайкын тургун ажал тапканын, арасында балдар да бар экенин ырастады. Кремль аны "негизсиз айыптоолор" деп, ооруканаларды бомбалаганын четке кагууда.

XS
SM
MD
LG