Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Украин баш прокурору кызматтан кетүүгө арыз жазды


Виктор Шокин
Виктор Шокин

Украин маалымат каражаттары өз булактарына таянуу менен башкы прокурор Виктор Шокин президент Петро Порошенконун сөзүнөн кийин кызматтан кетүүгө арыз жазганын кабарлады. Анын алдында Порошенко өкмөт башчы Арсений Яценюк менен башкы прокурор Виктор Шокинди элдин бийликке ишенимин калыбына келтирүү үчүн кызматтан кетип калууга чакырган. Өлкө башчынын расмий сайтында жарыяланган кайрылууда азыр өкмөттү толук жаңылоо талашсыз болуп турганы белгиленген.

Президенттин кайрылуусу парламент премьер-министр Арсений Яценюктун өкмөттүн ишмердиги боюнча отчетун угар алдында жарыяланды.

Мунун алдында Жогорку Радада өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөө үчүн кол топтоо башталганы кабарланган. Ага чейин премьер-министр Арсений Яценюк өкмөт "бир команда" катары иштөөгө тийиштигин, эгер парламент колдобосо кызматтан кетиши керектигин билдирген.

Жогорку Рада өкмөткө ишеним көрсөтпөө резолюциясын кабыл алуусу үчүн 226 добуш зарыл.

XS
SM
MD
LG