Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

“Көчмөндөр оюндарын” өткөрүүгө банктардан акча жыйналат


Бүткүл дүйнөлүк биринчи "Көчмөндөр оюндарынын" ачылышы. 2014-жыл.
Бүткүл дүйнөлүк биринчи "Көчмөндөр оюндарынын" ачылышы. 2014-жыл.

Бүткүл дүйнөлүк экинчи “Көчмөндөр оюндарын” өткөрүүгө Кыргызстандагы коммерциялык банктар жана ири ишканалар акча бөлөт. Бул боюнча президенттик аппараттан тийиштүү каттар жөнөтүлгөнү маалымдалды. Демилге “Көчмөндөр оюндарын” уюштуруу катчылыгына таандык. Аны президенттик аппарат колдоп, мындай практика башка өлкөлөрдө да бар экенин мамлекет башчынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2014-жылы биринчи Бүткүл дүйнөлүк “Көчмөндөр оюндары” ийгиликтүү өткөн соң бизнес өкүлдөрү, анын ичинде коммерциялык банктар иш-чаранын кийинки уюштурулушун колдоого кызыкдарлыгын бийликке билдиришкен. Азыр бул жаатта көз карандысыз маркетологдор иштеп жатат.

“Көчмөндөр оюндарынын” экинчиси быйыл күзүндө Ысык-Көл облусундагы Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда өтөт. Өкмөт бул үчүн тийиштүү каражат бюджеттен бөлүнөрүн мурда кабарлаган болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG