Айрым айылдык кеңештерде бюджет жөнүндө түшүнүгү да жок депутаттар бар. Бул тууралуу Таласта жергиликтүү кеңеш депутатын шайлоо мыйзамын жакшыртууга багытталган талкууда Борбордук шайлоо комиссиясынын Талас облусундагы координатору Абылгазы Нусубалиев айтты.
- Бюджет эмне экенин билбеген, 1000 сом да киреше таба албаган айрымдар депутат болуп алган. Ошондуктан жергиликтүү кеңештерге талапкерлердин билимин текшерүү зарыл, - деди БШК өкүлү.
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева ушул багытта мыйзам долбоорун талкуулап, эл менен жолугушууларды өткөрдү. Кечээ ал Таласта болуп, тургундар, актив менен жолукту.
27-мартта Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоо өтөт. (SS)