Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Депутат Мискенбаев парламенттин бош унаасын артисттерге берүүнү сунуштады


Мээрбек Мискенбаев
Мээрбек Мискенбаев

Жогорку Кеңештин бийликтеги КСДП фракциясынан депутаты Мээрбек Мискенбаев парламенттин гаражында бош турган унааларды жер-жерлердеги театр, маданий мекемелерге өткөрүп берүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу ал бүгүн парламент жыйынында айтты.

- Балким артисттерге гастролго чыгып, өнөрүн көрсөтүүгө шарт түзүлөт. Маданий-тарыхый мекемелерге жардам жетишсиз болууда.

Депутаттын пикиринде машиналарды таратуу парламенттеги тиешелүү комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз баш болгон атайын комиссия аркылуу жүргүзүлсө болот.

Быйылкы жыл Кыргызстанда Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган.

Жогорку Кеңеште 120 орун бар. Азыркы чакырылыштын чечими менен айрым депутаттар кызматтык унаадан баш тарткан. (RK)

XS
SM
MD
LG