Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Сириянын курчоодо калган аймагына гуманитардык жүк жеткирилди


БУУнун өкүлдөрү азык-түлүк жана дары-дармек жүктөлгөн кербен кечээ козголоңчулар көзөмөлүндөгү Мадайя, Маадамия, Забадани райондоруна жана өкмөттүк күчтөрдүн карамагындагы Фуа менен Кефрайя айылдарына жеткенин кабарлады. Жүк жүз миңдей адамга эсептелген. Аталган аймактардын баары баш калаа Дамасктын айланасында жайгашкан.

Гуманитардык жүк жеткирүү Сирияны колдоо боюнча эл аралык топтун өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу боюнча макулдашуусунун бир бөлүгү болуп саналат. Соңку күндөрдө президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчулардын колундагы аймакка өкмөттүк күчтөр жана күрт кошуундарынын топтору кириши менен кырдаал курчуп кеткен.

XS
SM
MD
LG