Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Кыргызстан Түркияга көңүл айтты


Анкарадагы чабуулдун кесепети
Анкарадагы чабуулдун кесепети

Президент Алмазбек Атамбаев Анкарада адам өлүмүнө алып келген террордук чабуулга байланыштуу Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.

«Кыргызстан эли боордош Түркия эли менен кошо кайгырып турат, ошону менен катар эле кандай гана түрдө болбосун террорчулукту чечкиндүү айыптайт" деп белгиленет мамлекет башчынын телеграммасында.

Алмазбек Атамбаев мерт болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыр тарткандардын батыраак сакайышына тилектештигин билдирди.

Кечээ кечинде Түркиянын баш калаасы Анкарада аскерий жатакананын тушунда болгон жардыруу 30га жакын адамдын өмүрүн алды.

Расий маалымат боюнча, набыт кеткендер арасында кыргызстандыктар жок.

Былтыр 10-октябрда Анкарада теракт 102 адамдын, 12-январда Стамбулда 10 адамды алып кеткен.

Кечээки окуяга ким айыптуу экени азырынча айтыла элек. (RK)

XS
SM
MD
LG