Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Балыкчыда жараат алган аскер набыт болду


Балыкчыда аскердик бөлүктө жараат алып, реанимацияга түшкөн жоокер өзүнө келе албай набыт болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Ал кечээтен бери эсине келбей жаткан.

Соңку маалыматка караганда, мөөнөттүү аскер кызматынын катардагы жоокери, 19 жаштагы Дастан Мурат уулу кечээ болжол менен саат 17:45 чамасында башынан жараат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Окуяга жоокердин ок атуучу куралга кылдат мамиле кылууну билбегени себеп болгону гана айтылууда, мындан башка маалымат азырынча жок.

Кечээ Балыкчыдагы ошол эле аскердик бөлүктөн дагы бир бала ооруканага түшкөн. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан бүгүн кабарлашкандай, 18-февралда саат 14:30га жакын ок атуучу куралдан атуу учурунда мөөнөттүү аскер кызматынын 21 жаштагы жоокери Билал Икрамовдун кабыргасына ок тийген. Анын абалы дурусураак. Ал да ооруканада.

Окуяларга байланыштуу кызматтык териштирүү башталды. Балыкчы аскер гарнизонунун прокуратурасы тергөө жүргүзүп, жагдайды аныктоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG