Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Чех жана словак ишмерлери украин калкына кайрылды


Крым жарым аралы аннексияланышынын эки жылдыгын утурлай Чехия менен Словакия коомчулугунун өкүлдөрү Украина элине ачык кат жолдоду. Анда 1968-жылдын августунда Чехословакияга советтик армия кол салганы эске салынып, 2014-жылдын 20-февралында орус армиясы Крымды басып алуу менен күчтөп Орусияга кошкону белгиленет.

"Москва эл аралык келишимдерди жөн гана кагаздагы жазуу деп эсептеп, Кремль кылмыштуу дүйнөнүн, чытырман токойдун мыйзамдарын гана таанырын дагы бир жолу бүт дүйнөгө көрсөттү", - деп айтылат катта.

Чех жана словак ишмерлеринин пикиринде, Украина элинин алдында азыр эки жол турат. Алардын бири - эркиндикке, мыйзам үстөмдүгүнө, гүлдөп өсүп-өнүгүү менен цивилацияга алып барса, экинчиси - өлкөнү Орусиянын азыркы режими ээлеп алышына, зордук-зомбулукка алып барат. Кат ээлери Крым менен Донбасстын орусиячыл жикчилердин колундагы аймактары Украинага кайтарыларына да ишеним билдирген.

Катка кол койгондор арасында Чехия менен Словакиянын коомдук активисттери менен саясат таануучуларынан сырткары таанымал акын-жазуучулары, журналисттери жана башка өнөр адамдары да бар.

XS
SM
MD
LG