Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Башар Асад тынчтык орнотуу боюнча шарт койду


Башар Асад
Башар Асад

Сирия президенти Башар Асад өлкөдө тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөргө айрым шарттар аткарылса гана макулдук берерин билдирди. Дамаск бийлигинин расмий сайтындагы кабарга ылайык, жикчилдер тынчтык келишиминен пайдаланып ар түрдүү операцияларды ишке ашырбашы керек. Аларга аскерий колдоо көрсөтүлбөшү кажет. Ошондой эле Түркия сокку урууларга чекит коюшу зарыл.

Ишемби күнү Сирия оппозициясы Орусия сыяктуу Башар Асад режиминин союздаштары сокку урууларды токтотуп, өлкө аймагына гуманитардык жардамдарды жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берсе, убактылуу тынчтык келишимин орнотуларын билдиришкен.

Учурда оппозициялык топтор тынчтык орнотуу боюнча эл аралык ортомчулардын жардамы менен аны ишке ашыруу чараларын көрүүдө.

XS
SM
MD
LG