Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:17

Таласта Жерүйдү иштетүүгө каршы жыйын өттү


Алтын кенди иштетүүгө каршы чыккандардын өткөн жылкы жыйыны.
Алтын кенди иштетүүгө каршы чыккандардын өткөн жылкы жыйыны.

Талас районундагы Манас айыл өкмөтүндө жергиликтүү тургундар аймактагы Жерүй кенин иштетүүгө каршы жыйын куруп, бийликке кайрылуу жолдошту. Андан сырткары, жер үлүштөрүнө социалдык төлөмдөрдү жана электр энергиясына тарифтерди бир калыптоо сактоону суранышты.

Жыйын айыл өкмөттөгү Маданият үйүндө өттү. Чогулгандарга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, талаптарын жогору жакка жеткирүүгө убада беришти.

Өткөн жумада Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев Таласта жыйын куруп, Жерүйдү иштетүү боюнча жумуштар жазда башталарын айткан. (SS)

XS
SM
MD
LG