Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:31

Аба ырайы: күн 21 градуска чейин ысыйт


24-февралда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...4 градус, күндүз 14...19 градуска чейин ысыйт.

Талас облусунда түнкүсүн -2...3, күндүз 12...17 градус жылуу болот.

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8 градус суук, күндүз 3...8 градус жылыйт.

Нарында түнкүсүн -13...-18 градуска чейин суук болуп, күндүз -1...4 градус болот.

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -22...-27 градуска чейин төмөндөп, күндүз -7...-12 градус суук болот.

Бишкекте 24-февралда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

Абанын түнкү температурасы 1…3° жылуу, күндүзгү температурасы 17…19° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG