Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Ош: Мэрдин эжеси унаасын караңгылатканы үчүн айыпка жыгылды


24-февралда Ошто өткөн "Тонировка" рейдинин жүрүшүндө Ош мэри Айтмамат Кадырбаевдин эжеси унаасынын терезелерин уруксатсыз караңгылатып айдап жүргөнү үчүн токтотулду. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, унаа колдонуу эрежесин бузган Заркөкүл Кадырбаева жол кайгуулчулар түзгөн протоколго кол койбой, терезелери караңгы унаасын андан ары айдап кеткен. Айдоочулук күбөлүгүн таштай качкан Заркөкүл Кадырбаевага бүгүн 2020 сом айыппул салынды.

Мэрдин Лексус үлгүсүндөгү унааны башкарган бир тууганы окуя тууралуу билдирүү тарата элек. Ушул тапта Ош шаарынын башчысы Айтмамат Кадырбаев шаар тургундары менен жолугушуп, калаада аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жүрөт.(YI)

XS
SM
MD
LG