Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Австрия, Словения жана Балкан өлкөлөрү чек ара көзөмөлүн күчөтүүнү чечти


Грекия-Македония чегиндеги качкындар. 22-февраль, 2016-жыл.
Грекия-Македония чегиндеги качкындар. 22-февраль, 2016-жыл.

Мындай чечим Австрия, Словения, Хорватия, Болгария, Албания, Босния, Косово, Македония, Черногория, Сербия министрлеринин Венадагы жыйынында кабыл алынды. Алар чек арада көзөмөлдү күчөтүү менен катар аны толугу менен жаап салуу мүмкүндүгүн дагы эскертүүдө.

Бул өлкөлөрдүн Венадагы кечээги жыйынынан кийинки декларациясында белгиленгендей, “ мигранттар менен башпаанек сурагандардын баарын кабыл алуу мүмкүн эмес, ички коопсуздукту жана социалдык биримдикти сактоо үчүн буга чектөө киргизилүүсү керек”.

Миграция боюнча Эл аралык уюм ушул аптада билдиргендей, быйылкы жылдын толук эмес эки айында эле Евробиримдиктин чек арасынан өткөн качкындар менен мигранттар саны 100 миңден ашты.

Качкындар саны боюнча 100 миңдеген сандар былтыр июль айынан тарта айтыла баштаган.

Жалпысынан былтыр Евробиримдикке Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн, Ооганстандан бир миллиондон ашуун качкын жана мигрант кирген. (UE)

XS
SM
MD
LG