Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Быйыл Улуттук тестирлөөнүн упайы жогорулаган жок


Жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн Улуттук тестирлөөнүн босого деңгээли 110 упай боюнча калтырылды. Бул тууралуу Илим жана билим берүү министри Элвира Сариева 26-февралда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, өткөн жылы мурунку жылдарга салыштырмалуу жакшы көрсөткүчтөр болгон:

-2015-жылы 15 миңден ашуун бүтүрүүчүлөр 110дон көп упай алышты. Биз быйыл да ошондой жыйынтык күтүп жатабыз. Жогорку окуу жайлар менен кеңешип, 110 упайлык босогону эки жылга калтырууну чечкенбиз. Эмки жылы дагы көбөйөт.

Жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 21-майга чейин болот. Андан өтүүнү каалагандар өзү менен паспорт, 3х4 өлчөмүндөгү эки сүрөт жана тестирлөөгө катышуу үчүн акы төлөгөндүгүн аныктоочу кагаз менен келүүгө тийиш.

Негизги сабактардан тестирлөөнүн акысы 260 сом, мындан тышкары кошумча предметтер үчүн ар бирине 260 сомдон төлөнөт. Паспорту жок абитуриенттер тестирлөөгө киргизилбейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG