Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Талас: Балдарга карата зордук-зомбулук көбөйүп кетти


Мындай пикирин Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Асылбек Капалов бүгүн "тегерек үстөл" жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, зомбулук көргөн балдардын 80 пайызы мигранттардын балдары. Облус боюнча өткөн жылы жол кырсыгына кабылган 44 баланын 34нүн ата-энеси мигрант экени аныкталды.

Жыл башынан бери облуста өспүрүмдөр арасында эки ирет өз жанын кыюу учуру катталса, анын бири таенесинин колунда жашайт, экинчисинин апасы каза болгон, атасы абакта экени такталды.

Эки жылдан бери 10 жашар кызын зордуктап жүргөн адам өгөй атасы болгон. Анын кылмыш иши сотто териштирилүүдө.

Облуста 2015-жылы балдарга зомбулук кылуунун 15 фактысы катталган (SS)

XS
SM
MD
LG