Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Орусияда Немцовду эскерүү маршын уюштуруучу сабалды


Москвада Борис Немцов ок жеп каза тапкан жерге маал-маалы менен гүлчамбар коюлуп турат. 29-декабрь, 2015-жыл.
Москвада Борис Немцов ок жеп каза тапкан жерге маал-маалы менен гүлчамбар коюлуп турат. 29-декабрь, 2015-жыл.

Оппозиция лидери, Кремлдин сынчысы Борис Немцовдун өлтүрүлгөнүнүн бир жылдыгына тушташ эскерүү максатында өткөрүлүүчү жөө жүрүштүн уюштуруучуларынын бири, Демократиялык коалициянын мүчөсү Вячеслав Кисилицин бүгүн Челябинск шаарында токмок жеди.

Мындай маалыматты кезинде маркум Борис Немцов да лидерлеринин бири болгон ПАРНАС партиясынын мүчөсү Алексей Табалов интернет аркылуу таратты.

Табаловдун айтымында, оппозициячыл активистти сабагандардын арасында полиция офицерлери да жүргөн. Кисилицин бир нече жаракат алып, кабыргасы сынып, жүрөгү кармап ооруканага түшкөн жана бул окуянын 27-февралга мерчемделген жөө жүрүшкө байланышы бар.

Маркум саясатчынын санаалаштары, орус оппозициясынын жактоочулары Борис Немцовду эскерүү жүрүш-митингдерин 27-февралда Орусиянын бир нече шаарында өткөрүүнү көздөшүүдө.

Биринчи президент Борис Ельциндин тушунда өкмөттүн вице-премьери кызматын аркалаган Борис Немцов былтыр 27-февраль түнү Кремлдин жанынан атып өлтүрүлгөн.

Бүгүн Орусиянын Мамлекеттик думасы Немцовду бир мүнөт унчукпай эскерүү сунушун четке какты. (UE)

XS
SM
MD
LG