Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Театрлар таймашында Жаш көрүүчүлөр театры жеңди


"Эсимде" спектаклинен бир көрүнүш
"Эсимде" спектаклинен бир көрүнүш

Бишкекте өткөн алгачкы театрлар таймашынын биринчи турунда Учур жаштар театры менен Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры өнөрлөрүн көрсөттү. Өнөр таймашында актерлор мелодрама, трагедия жана комедия жанрлары боюнча кыска эпизодду ойноп беришти. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Кундуз Качкынбаеванын “Азаттыкка” айтымында, Жаш көрүүчүлөр театры жеңүүчү деп табылды.

Театрлар жарышын аталган министрлик өткөрүүдө. Ал эми идеянын автору жана долбоорду иштеп чыккан - Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик Жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Эгемберди Чалабаев. Таймашка өлкөдөгү театрлардын баары катыша алат. Жеңишке жетишкен театрларга акчалай сыйлыктар берилет.

Кийинки таймаш 11-мартта болот. Анда Чүй облустук театры менен Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрынын артисттери беттешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG