Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

Кыргыз-орус фондунан насыя алуу жеңилдейт


Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кыргызстандык ишкерлерге насыя берүүнү жеңилдетет. Бүгүн аталган фонддун жетекчилиги Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, жаңы шарттар тууралуу айтып берет.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирген алгачкы жылдары колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн. Ага Орусия каражат бөлүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата фонддун эсебинен Кыргызстандын жеке жана орто бизнесине 5 жылдык мөөнөткө 12% менен 71 миллион сом насыя берилди.

ЕАЭБге Кыргызстан былтыр жайында кирди. Учурда жергиликтүү ишкерлер жаңы рыноктун ачылышына, атаандаштыкка туруштук бере албай, чыгымга учурап жатканын айтууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG