Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Аба ырайы: 1-мартта жаан-чачын болбойт


29-февралда абанын температурасынын кескин жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100 чакырымдары) жана Красная-Горка-Ак-Таш (1-4 чакырымдары) автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн, кар күрткүсү топтолот, жолдордун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңот. Алыс жолго бараткан унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден ашуун болушу керек.

Узакка созулган өзгөчө жылуу, кургак агымдан кийин аба ырайы кескин өзгөрүлөт: 2-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. Тоолуу аймактардын автожолдорун кар күрткүсү басып, жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге чейин жетет.

1-мартта жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет​.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8 градус жылуу, күндүз 18…23 градус ысык болот.

Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21 градус ысыйт.

Баткенде түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23,

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11 градус жылыйт.

Нарында түнкүсүн -7…-12 градус суук, ал эми күндүз 3…8 градус жылуу.

1-мартта Бишкекте жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 4…6 градус жылуу, күндүз 20…22 градус жылуу болот. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG