Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

Багдаддагы жардыруудан өлгөндөр саны 70тен ашты


Жардыруу болгон базар. Багдад, 28-февраль, 2016-жыл.
Жардыруу болгон базар. Багдад, 28-февраль, 2016-жыл.

Ирактын бийликтери кабарлагандай, борбор Багдаддын шииттер жашаган Садр шаар районундагы базарда кечээги бомбанын жарылуусунан өлгөндөрдүн саны бүгүн 73кө жетти.

Эл котологон Мреди базарында алгач бомба жарылып, адамдар ал жарылуунун курмандыктарына жардам берүү үчүн чогулган кезде бир жанкечти өзүн жардырып жиберген. Андан дагы 112 киши жараат алып ооруканага түштү, беш адам дайынсыз деп эсептелүүдө.

Багдаддагы бул кош жарылуунун алдында “Ислам мамлекети” террордук тобунун жанкечтилери коопсуздук күчтөрүнүн борбордун Абу Грейб районундагы базасына кол салган эле. Бул кол салуудан кеминде 12 аскер өлүп, 35и жаракат алды.

Премьер-министр Хайдар ал-Абади коопсуздук күчтөрүн террорчулар бейкүнөө адамдарга каршы кылмыш жасоосун алдын алуу боюнча аракеттерди көрүүгө чакырды. (UE)

XS
SM
MD
LG