Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

“Маданият. Тарых. Тил” телеканалы ачылды


Жаңы телеканалдын эн белгиси.
Жаңы телеканалдын эн белгиси.

“Маданият. Тарых. Тил” телеканаланын ачылыш аземине катышкан премьер-министр Темир Сариев бул улуттук маданият жана искусствону сактоо, өнүктүрүү үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи. Өкмөт башчы мындай каналга көрүүчүлөр көп жылдан бери суусап келгенин жана маалымат менен технологиянын заманында улуттун көөнөрбөс байлыктарын, улуу мурастарды сактап калуу үчүн телеканалдын мааниси чоң экенин айтты.

Премьер-министр акыркы жылдары өкмөт маданият тармагына көңүл бурууну күчөтүп жатканын, анын алкагында өлкөдөгү бир катар маданий жайларды оңдоого жана материалдык-техникалык базасын чыңдоого каражаттар бөлүнгөнүн кошумчалады.

Аталган каналдын ачылышына карата президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо жөнөтүп, мамлекет маданият тармагынын өнүгүшүнө чоң көңүл буруп жатканын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен быйыл “Маданият жана тарых” жылы деп белгиленген. Аны өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекция түзүлүп, анын жетекчилигине драматург Султан Раев дайындалган.

Кыргызстан санариптик берүүгө өткөндөн бери “Маданият”, “Баластан”, “Музыка”, “Спорт” каналдары ачылды. "Маданият" телеканалы 2013-жылдын 22-апрелде ишке кирген. Жаңы канал кошумча каржылоосуз, теле жабдууларсыз тесттик режимде иштеп келген. Анын негизинде жаңы телеканал түзүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG