Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

БУУ качкындар маселесинде Европа өкмөттөрүн күнөөлөдү


БУУнун Качкындар менен иштөө агенттиги Европа мамлекеттерин качкындар кризисин чечүү үчүн бирдиктүү иш алып барбай, тескерисинче, чек араларды бекемдөө максатында эл аралык мыйзамдарга терс аракеттерди жасап жатышат деп күнөөлөдү.

Агенттиктин басма сөз катчысы Адриан Эдвардс 1-март күнкү баяндамасында “Европа азыр өз чөлкөмүндө өзү жаратып жаткан гуманитардык кризисте калды” деп билдирди.

Анын “Эркин Европа\Азаттык” радиосуна айтымында, 2016-жылдын алгачкы эки айында 131 миң 724 мигрант Жер Ортолук деңизинен өтүп, Европага кирген.

БУУ өкүлүнун кошумчалагандай, учурда Грекияда 24 миң качкын топтолуп калган жана оор шартта күн кечирүүдө. Аларга азык-түлүк жана турак жай маселеси көйгөй жаратып, аларды зомбулуктарга түртүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG