Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Кыргызстанда жаңы оппозициялык кыймыл түзүлдү


Кыргызстанда “Бирдиктүү оппозициялык күч” деп аталган кыймыл түзүлдү. Кечээ кечинде таратылган билдирүүдө ага саясатчылар Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев жана Дүйшөмбү Сооронбаев жетектеген «Бишкек форуму», “Каршылык кыймылы” уюмдары, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ата-Журт” партиялары киргени айтылат.

Жаңы кыймыл бийликке жети талап койду. Алар – Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын өкмөттүн иши үчүн жоопкерчилигин күчөтүү, элдик ишеним өкмөтүн түзүү, тез арада улуттук антикризистик программа кабыл алуу, баалардын жана тарифтердин өсүшүн токтотуу, талаштуу кен байлыктарды иштетүүгө мораторий жарыялоо, “Мегакомду” сатыкка чыгарбоо.

Ошону менен катар оппозиция 27-мартта өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо административдик ресурстун колдонулушуна жол бербөөнү, шаар мэрлерин тандоону элдин эркине коюуну талап кылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG