Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Сот Суталиновду үй камагында калтырды


Мурат Суталинов.
Мурат Суталинов.

Бүгүн Республикалык аскер соту 2010-жылдын 7-апрелиндеги апаат боюнча ишти кароону улантты. Анда УКМКнын мурдагы жетекчиси, соттолуучу Мурат Суталинов ден соолугуна байланыштуу үй камагында калтырууну соттон өтүндү. Кечээки териштирүү учурунда мамлекеттик айыптоочулар Суталинов менен Данияр Дунгановдун 20-25 жылга эркинен ажыратылганын негиз кылып аларды камакка алуу өтүнүчүн келтирген.

Соттук коллегия кеңешип Суталиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө негиз жок, деген чечим чыгарды. Учурда Дунгановдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси өзүнчө каралууда. Жабырлануучу жана мамлекеттик айыптоочулар анын камалуусун талап кылууда.

2010-жылы 7-апрелдеги окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев, экс-премьер-министр Данияр Үсөнов сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, дагы бир катар жооптуу кызматкерлер 10 жылдан 25 жылга чейин кесилген. Бирок эки тарап тең мындай өкүмгө макул болбой жогорку инстанцияга доо арыз жолдогон.

20 жылга эркинен ажыратылган ошол кездеги УКМК башчысы Мурат Суталинов менен 25 жылга эркинен ажыратылган мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчи орун басары Данияр Дунганов ден соолугунан улам үй камагына чыгарылган.

Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келген Апрель окуясында 90го жакын адам набыт болгон. (ZKo\КЕ)

XS
SM
MD
LG