Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Ысык-Көлдө "Үркүн" көркөм тасмасы тартылууда


Кыргыз алачыгы."Азаттыктын" 1916-жылдагы Үркүн боюнча топтолгон сүрөттөрүнөн.
Кыргыз алачыгы."Азаттыктын" 1916-жылдагы Үркүн боюнча топтолгон сүрөттөрүнөн.

Бул тууралуу тасманын режисеру Муктар Атаналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, тасманын кышкы эпизоддору тартылып бүтүп калды. Эми тартыла турчу жерди өзгөртүп, калган бөлүктөрүн тасмага түшүрүү улантылат.

Азыркы тапта көркөм тасма Жети-Өгүз районунун Саруу жана Дархан айылдарында тартылууда. Калган бөлүктөрү Тоң районунда уланмакчы. Кытайда тартылчу эпизоду боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кытай тарап макул болбосо Тоң районуна ошол жакка окшош шаарча жасалат.

"Үркүн" тасмасын тартуу 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына карата тартылууда. Сценарий, пландар бир жыл мурда даярдалып, тартуу процесси өткөн айда башталган.Фильмди ушул жылдын сентябрь айында бүткөрүү пландалууда. (AsM)

XS
SM
MD
LG