Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Кыргызстанга кирген товарлардын тизмеси кайра каралат


Кыргыз-казак чек арасында.
Кыргыз-казак чек арасында.

Премьер-министр Темир Сариев жеке пайдалануу үчүн өлкө аймагына алып кирген товарлардын тизмесин кайрадан карап чыгууну тапшырды. Мындан сырткары өкмөт башчы алдын ала эскертүү жол-жобосун жеңилдетүү зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу өкмөт башчы ЕАЭБ ичинде мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды ташууда жаңы эрежелерди киргизүүгө арналган кеңешмеде билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, ЕАЭБ ичинде ташылуучу товарлар жана алардын тизмеси жөнүндөгү жаңы эрежелер импорттолгон товарлардын толук эсебин, атамекендик өндүрүшчүлөр үчүн бирдиктүү шартты жана акыйкат бизнести камсыздоо максатында киргизилүүдө. Мындай механизм Казакстандан ташылган товарлардын эсебин алуу үчүн да керек. Аларга карата ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү Бирдиктүү бажы тарифтерине салыштырмалуу төмөндөтүлгөн бажы алымдарынын колдонулушу каралган.

Ишкерлер Мамлекеттик салык кызматына алдын-ала эскертүүлөр боюнча татаал процедураларды кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG