Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

“Кыргыз чоролору” саясатка аттанат


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын жетекчиси Замир Көчөрбаев билдирди. Чоролор кыймылы марттын ортосунда Таласта курултай өткөрүп, башкаруу системасын өзгөртүү боюнча өз талаптарын жана багыттарын жарыялайт.

-Биз мурдатан эле системаны өзгөртүш керек, деп айтып келатабыз. Алардын бири облус губернаторун эл шайлаш керек, райондорду жоюп 15 аймак болушу керек. Биз 472 айыл өкмөтүн бириктирип, 217 айыл өкмөтү түзүлсүн, деген чечимдерди өз ара кабыл алганбыз. Эми аны элге сунуштап, элдин талкуусуна коёбуз.

Алгач 2010-жылы “Кырк чоро” бирикмеси катары түзүлгөн топ 40 уруудан 40 жигит Алтайга барып келгенин жар салган болчу. Кийинчерээк алар “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесин негиздеп, 2011-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн.

“Кыргыз чоролору” уюму кээ бир мекемелерде күтүүсүз текшерүүлөрдү жүргүзүп, укуктарын ашыкча пайдаланып, мыйзамды бузуп жатат, ашкере улутчул деген сынга кабылып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG