Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Өзбекстанда “Хизб-ут-Тахрирге” мүчө деп бир канча киши камалды


Фергана облусунда 11 киши “Хизб-ут-Тахрир” диний уюмуна мүчө деген шек менен камакка алынды. “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы кабарлагандай, колго түшкөндөрдүн баары Алтыарык районунун 25-34 жаштагы тургундары. Алар күч кызматкерлери уюштурган атайын рейд учурунда колго түшкөн. Беткапчан тартип сакчылары адамдар эртең мененки намазды окуп жаткан учурда мечитке кирип ал жердеги кишилерди кармап кетишкен. Ички иштер органдары мунун себебин түшүндүргөн жок. Кармалгандардын арасында экөө ишкерлик менен алектенери белгилүү болду.

Орусияда жана Борбор Азияда тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” тобу өздөрүн радикал эмес уюм деп белгилеп келишет. Алар мусулман мамлекеттерин Ислам халифатына биригүүгө чакырышат. (SE)

XS
SM
MD
LG