Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:38

Атамбаев Орусиянын маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту


Алмазбек Атамбаев менен орус президенти Владимир Путин.
Алмазбек Атамбаев менен орус президенти Владимир Путин.

Бүгүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Орусияга жасаган иш сапарында маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. «Интерфакс» маалымат агенттигинин борбордук кеңсесинде өткөн жыйында мамлекет башчысы Кыргызстандын өнүгүшүнүн негизги багыттарына байланыштуу, ошондой эле кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги аспектилери тууралуу суроолорго жооп берди. Жолугушуу «Интерфакс» маалымат агенттигинин демилгеси боюнча өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Атамбаевдин Орусияга иш сапары 2-мартта башталган. Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуп, кош тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгынын маанилүү маселелерин, биргелешкен долбоорлордун аткарылышын, евразиялык интеграциянын өнүгүшүн талкуулады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG