Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Нарында “Милициянын жаш жардамчысы” кароо-сынагы өттү


Нарын облустук ишки иштер башкармалыгы «Милициянын жаш жардамчысы» аттуу кароо-сынак өткөрдү. Аталган башкармалыктын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Зарылбек Акымбаевдин билдиришинче, кароо-сынакка облустан 6 топ катышты. Алар өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулукту алдын алуу, окуучулардын бош убактысын туура пайдалануу сыяктуу ар кандай иш чараларды өткөрүшкөн.

Жыйынтыгында жеңүүчү деп табылган окуучуларга акчалай сыйлыктар берилди. Мындай иш чараны Нарын облустук ички иштер башкармалыгы жылына бир ирет өткөрөт. Ал эми «Милициянын жаш жардамчысы» отряды облустагы бардык мектептерде түзүлгөн. Облустагы жалпы 139 мектепте 56 миңден ашык окуучу билим алат. (MiK)

XS
SM
MD
LG