Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:57

Савченконун "акыркы сөзү"


Надежда Савченко
Надежда Савченко

Орусиянын Ростов облусундагы Донецк деп аталган чакан шаарда 2014-жылдын жайында Орусияда соттолуп жаткан украин учкучу Надежда Савченкого кечээги сот жараянында акыркы сөз берилип, өкүм качан чыгары белгилүү болушу күтүлүп жаткан. Бирок сот сөз бербей, ишти күтүүсүздөн 9-мартка жылдырып койгонуна нааразы болгон Савченко бүгүнтөн тарта ачкачылык жарыяларын билдирди.

Орусиянын Ростов облусундагы Донецк деп аталган чакан шаарда 2014-жылдын жайында Луганск облусунун аймагында орусиялык эки журналисттин өлүмүнө шектелип кармалган Украинанын аскер кызматкери – учкуч Надежда Савченконун соту аяктоо алдында турат. Былтыр сентябрда башталган сот жараяны аягына чыгып, 3-мартта жарыш сөздөн кийин айыпталуучуга акыркы сөз берилмек. Бирок ал ишке ашпай, сот күтүүсүздөн эле ишти 9-мартка жылдырып койду.

- 9-мартка чейин? Эгер мага бүгүн соттогу акыркы сөздү айтууга жол бербесеңер, анда мен эртеңден тарта ачкачылык жарыяларымды дагы бир жолу кайталайм, - деп ачууланды сөз берилбегенине нааразы болгон Савченко.

Ал анын алдында да сот эгер өкүмдү угузууну кечиктирсе, ачкачылык жарыяларын айткан эле:

- Эгер сот өйдө жактан даярдалган өкүмдү чыгарууга эки жумадан ашык убакыт алса, мен эртеңден тарта кургак ачкачылык жарыялайм. Анда өкүмдү силер менин катышуумсуз, мен өлгөндөн кийин окуйсуңар.

Бейшембидеги сотто анын адвокаттары Илья Новиков, Николай Полозов жана Марк Фейгин жарыш сөзгө чыгып, Савченко абакта негизсиз кармалып турганын, эч кандай күнөөсү жоктугун белгилешти. Мындан бир күн мурдагы сотто мамлекеттик айыптоочулар Савченкону 23 жылга эркинен ажыратып, 100 миң рубль айып пул салуу өтүнүчүн келтиришкен.

Анын ачкачылык жарыялоо тууралуу билдирүүсүнө жакындары менен жактоочулары тынчсызданууда. Кургак ачкачылык эч наар албай, суу ичүүдөн да баш тартуу дегенди түшүндүрөт.

Савченконун катка жазылган акыркы сөзү
Савченконун катка жазылган акыркы сөзү

Адвокат Николай Полозов кургак ачкачылыкта адам ашып кетсе, жети-сегиз күн гана жашарын, андыктан аны мындай кадамдан кайтарууга болгон аракетин жасашарын айтты:

- Надежда Савченко кургак ачкачылык жарыяларын айтышы бүгүнкү күндүн башкы билдирүүсү болду. Биз мындай болушун каалаган эмеспиз жана аны мындай кадамдан кайтарууга болгон аракетибизди жасайбыз. Бирок эки жылдан бери биз аны жакшы билип калдык. Ал айтканынан кайтпай, сөзүнө турган адам. Айтканын айткандай жасайт. Ага карабай биз эртең ал отурган тергөө абагына барып, ачкачылык жарыялабашын, эгер жарыялаган болсо аны токтотуусун суранабыз. Кургак ачкачылыкка адам беш күн, ашып барса жети күн гана туруштук берет. Бул жерде анын ден соолугу, өмүрүнүн коопсуздугу тууралуу маселе турат.

Бейшембинин кечинде Савченконун жакындары сотто айтылбай калган анын акыркы сөзүнүн текстин жарыялады. Колдо жазылган бул текстте: “Мен тагылган айыпты да, өкүмдү да, Орусиянын сотун да тааныбайм. Эгер мени айыптаган өкүм чыкса - апелляция болбойт. Мен бүт демократиялык цивилдүү дүйнө Орусия адам укуктары менен эл аралык укукка түкүрүп, өз билгенин кылган диктатор жана тоталитардык өлкө экенин түшүнүүсүн каалайм”, - деп айтылат.

Савченко 3-марттагы сот жыйыны алдында жазылган бул “акыркы сөзүндө” да өкүм күчүнө кирген күндөн тарта кургак ачкачылык жарыяларын эскерткен.

34 жаштагы Надежда Савченко 2014-жылдын жайында Украина чыгышындагы Луганск облусунда кармалган. Ошондон бери ал эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деген шек менен Орусияда тергөө абагында отурат. Савченко күнөөсүз экенин жана орусиячыл жикчилдер тарабынан кармалганын, кийин алар аны Орусияга өткөрүп беришкенин башынан бери айтып келет.

Украин бийлиги да ал күнөөсүз экенин, чек арадан орусиячыл жикчилдер уурдап кеткенин билдирген.

34 жаштагы учкуч аял абакта жатканда Жогорку Радага депутат болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG