Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:04

Украинадагы Орусиянын элчилигине чабуул жасалды


Ушул жылдын 6-мартында Савченконун бошотулушун талап кылган киевдик демонстранттар.
Ушул жылдын 6-мартында Савченконун бошотулушун талап кылган киевдик демонстранттар.

6-мартта жүздөгөн адамдар Киевдеги Орусиянын элчилигинин алдына чогулуп, Орусияда соттолуп жаткан украиналык учкуч Надежда Савченкону бошотуу талабын коюшту. Алар элчиликтин имаратына таш, жумуртка ыргытышып, орус желегин өрттөштү.

Украиналык учкуч 2014-жылы июль айында кармалган. Ал Чыгыш Украинадагы согушту чагылдырып жаткан орусиялык эки журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталууда. Савченкону 23 жылга кесүүнү прокуратура соттон сурады.

Сот 3-марттан 9-мартка чейин тыныгуу жарыялаганда Савченко суу да ичпеген кургак ачкачылык жарыялаган. 6-мартта Орусиянын акыйкатчысы Элла Памфилова Савченко менен сүйлөшүп, анын ден соолугу канааттандырарлык экенин билдирди. Украиналык дарыгерлер да Савченкодон кабар алууга уруксат берүүнү өтүнүшүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG