Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Берлин: кыргыз сууда сүзүүчүлөр ири жеңишке жетишти


Берлин-2016.
Берлин-2016.

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Берлинде өткөн International Swim Meeting 2016 аталышындагы эл аралык мелдеште беш алтын, үч күмүш жана төрт коло медаль тагынышты. Бул тууралуу команданын улук машыктыруучусу Юрий Захаров Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Кыз-келиндер арасында Дарья Таланова 100 жана 200 метрге брасс ыкмасында эки алтын, ушул эле ыкмада 50 метрге сүзүүдө коло байге алган.

Эркектер арасында Станислав Карнаухов 100 метрге эркин сүзүү ыкмасында күмүш жана алтын медаль тагынган.

15-16 жаштагылар арасында Денис Петрашов 200 метрге брасс ыкмасында сүзүүдө жеңүүчү аталып, эл аралык даражадагы спорт чебери наамын алууга көрсөтмөнү толтурган.

12 жашка чейинки кыздар арасында Елизавета Рогожникова эркин стилде 100 жана 200 метрге сүзүүдө эки коло медалды тагынган.

4-марттан 6-мартка чейин болгон мелдешке 34 өлкөнүн атынан катышкан 161 командадан 1800 спортчу медаль үчүн таймашкан. Кыргызстандан мелдешке 14 спортчу катышты.

Бул мелдешке чейин 27-28-февралда Берлинде болгон Berolina Cup 2016 эл аралык мелдешинде кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр 14 алтын, 4 күмүш, 6 коло байгеге ээ болушкан эле. (ECh)

XS
SM
MD
LG