Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Аба ырайы: Ысык 25 градуска жетет


6-марттан 9-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя жана Красная-Горка-Ак-Таш, Каракол-Эңилчек жана Казарман-Акталчат автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн, түнкүсүн жолдор тайгак болуп муз тоңот.

8-мартта жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25 ысыйт.

Таласта түнкүсүн 3…7, күндүз 20…24 ысык болот.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градус ысык.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14 градус жылыйт.

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 10…15 градус жылуу болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…+2 градуска чейин жылыйт.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° жылуу болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG