Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Nike Шарапова менен келишимди токтотту


Мария Шарапованын теннис ойноп жаткандагы учуру.
Мария Шарапованын теннис ойноп жаткандагы учуру.

Nike компаниясы орусиялык теннисчи Мария Шарапова менен рекламалык келишимин токтотту. Буга спортчунун допинг колдонорун моюнга алганы негиз болду. Компания тараткан билдирүүгө ылайык, келишим Шараповага байланыштуу чыр иликтенип бүткөнчө токтотулат. Иликтөөнү Теннис боюнча эл аралык федерация жүргүзөт.

Спорт товарларын өндүргөн америкалык Nike компаниясы Мария Шарапованын ири демөөрчүлөрүнүн бири болгон. Ортодогу рекламалык келишимден улам ал дүйнөдөгү эң бай спортчулардын катарына кирген. Forbes журналынын эсебинде, 2015-жылы Шарапова 29,5 миллион доллар тапкан.

Шарапова Австралия-2016 ачык чемпионатында допинг-текшерүүдөн өтпөй койгон. 7-март күнү Лос-Анжелесте маалымат жыйынын куруп, акыркы 10 жылдан бери ден соолугуна байланыштуу тыюу салынган мельдоний дарысын колдонуп жүргөнүн билдирген. 12-марттан тарта ал мелдештерге катышуу укугунан ажырайт. Спорттогу карьерасын улантуу же токтотуу маселеси иликтөө иштери бүткөндө маалым болот. (SE)

XS
SM
MD
LG