Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:03

Өндүрүш Токтонасыровдун плакатын айрып салышты


Португалиядагы Орусия элчилигинин алдына Савченкого боштондук талап кылып чыккандар, Лиссабон, 8-март, 2016-жыл.
Португалиядагы Орусия элчилигинин алдына Савченкого боштондук талап кылып чыккандар, Лиссабон, 8-март, 2016-жыл.

Бүгүн Кыргызстандагы Орусиянын элчилигинин алдына украиналык учкуч Надежда Савченкону бошотуу талабы менен чыккандардын плакаттарын айрып кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров билдирди.

- Украиналык баатыр Надежда Савченкого боштондук деп көтөрүп турган плакатымды, бир адамдар келип, мени “фашистсиң” деп айтышып, колумдан жулуп, тытып салышты. Мен атайын өзүмдүн көз карашымды орус элчилигине жеткирүү үчүн келгем.

Токтонасыров акцияга Савченкону бошотуу талабы менен чыгып жаткан укук коргоочуларга тилектештик көрсөтүп чыкканын ырастап, ага тоскоолдук кылгандарга карап турган милиция эч кандай чара көрбөй койгонун билдирди.

Надежда Савченко 2014-жылы Чыгыш Украинада жикчилдерге каршы күрөш учурунда кармалып, мыйзамсыз түрдө Орусияга чыгарылып кеткен. Орусия тарап Савченко эки журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп айыптоодо. (SDz)

XS
SM
MD
LG