Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:16

Владимир Путин кыргызстандык Марат Исаевди сыйлады


Марат Исаев менен Артем Королюкту буга чейин Москванын мэри да сыйлаган.
Марат Исаев менен Артем Королюкту буга чейин Москванын мэри да сыйлаган.

Орусиянын президенти Владимир Путин “Өлүмдөн куткарып калганы үчүн” медалы менен кыргызстандык Марат Исаевди жана полициянын сержанты Артем Королюкту Москванын метросунда аялга ыкчам жардам көрсөткөнү үчүн сыйлады.

“Орусия Федерациясынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоо жөнүндө” президенттин жарлыгы бүгүн укуктук маалыматтар боюнча расмий сайтка жарыяланды. “Өлүмдөн куткарып калганы үчүн” медалы менен Исаев Марат Орозматович, Королюк Артем Александрович сыйлансын деп жазылган.

11-февралда Москванын «Красносельская» метросунда жүргүнчүлөрдүн бири эсин жоготуп, темир жолго кулап калган. Окуя болгон жерде Марат Исаев менен Артем Королюк дароо жардам берип, келе жаткан поездге карабай аялды аман сактап калышкан. (SDz)

XS
SM
MD
LG