Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Украиналык учкуч Надежда Савченконун соту аяктады


Украиналык чкуч Надежда Савченконун соту. 9-март, 2016-жыл, Донецк шаары, Орусия
Украиналык чкуч Надежда Савченконун соту. 9-март, 2016-жыл, Донецк шаары, Орусия

Орусияда украиналык аскерий учкуч Надежда Савченконун соту аяктады. Орусиялык эки журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталып жаткан Савченконун өкүмү 21-22-март күндөрү угузулмакчы. Прокурор аны 23 жылга кесүүнү сурап жатат.

2014-жылдын жайында Украинанын чыгышында кармалган Савченко болсо күнөөсүз экенин, орусиячыл жикчилер аны Орусияга мыйзамсыз алып келишкенин кайталап келатат.

Батыш бул сот жараянын катуу сындоодо. АКШнын вице-президенти Жо Байден 8-марттагы билдирүүдө “20 айдан бери Савченко Украинанын улуттук ар-намысынын жана кубатынын символуна айланды” деп белгилеп, Кошмо Штаттар Орусияны "туура жолду тандоого, бардык айыптоолордон баш тартып, аны дароо кое берүүгө үндөйт" деди.
Ошол эле күнү Киевде жүздөгөн киши Орусиянын элчилигине жүрүш жасап, Савченконун бошотулушун талап кылышты.

XS
SM
MD
LG