Орусияга мына ушундай сунуш берүүгө даяр экендигин Украина президенти Петр Порошенко маалымдады. Чыгыш Украинада эки журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп Орусияда айыпталып жаткан Савченконун соту 9-мартта соңуна чыкты. Айыптоолорду четке каккан Савченко 3-марттан бери кургак ачкачылык кармап келатат.
- Эгерде алмаштырууга даярсызбы деген суроо чыкса, мен ооба деп жооп берем. Ооба, мен бүгүн биринчи жолу айтып жатам, Украинанын президентине берилген алмаштыру укугунан пайдаланып, Надежданы үйүнө кайтарууга баарын жасоого даярмын,- деди Порошенко 9-мартта түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуудан кийин. Бирок Орусия тарап андай алмашууга даяр эмес экенин Порошенко кошумчалады.
Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова 21-мартка белгиленген соттун өкүмү чыкканга чейин эч кандай алмаштыруу мүмкүн эместигин билдирген. Дүйнөлүк бир катар лидерлер жана украин коомчулугу Надежда Савченкону тез арада бошотууну талап кылууда. (AiT)