Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Sky News ИМ тобунун 22 миң мүчөсүнө таандык маалыматтарды тапты


Британиядагы Sky News телеканалы “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топтун 22 миң согушкерине таандык жашыруун маалыматтарды тапты. Аны аталган топтон качкан нааразы согушкер сунуштаган. Документте 22 миң адамдын тек-жайы, дареги жана телефондору, үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу жазылган. Документ “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун коопсуздук кызматынын компьютердик базасынан алынган. Тизмедеги согушкерлер 51 мамлекеттин жарандары. Документ Британиянын күч органдарына тапшырылды. Бирок британ расмийлери бул боюнча комментарий берише элек.

Аталган документте согушкер болууну каалагандар үчүн сурамжылоо да бар. Анда кишинин канынын тобу, апасынын ысымы, шариятты билүү деңгээли, топко кошулууга ким сунуштаганы жана курал колдонуу тажрыйбасына байланыштуу суроолор жазылган.

Маалыматты берген согушкер аба соккулары күчөгөнүнө байланыштуу Сириянын Ракка шаарынан кетип, Ирактагы чөлдөргө багыт алганын кабарлаган.

Расмий маалыматтарга караганда, Сирия жана Ирактагы согушкерлердин катарына Кыргызстандан барып кошулгандардын саны 500дүн тегерегинде. (SE)

XS
SM
MD
LG