Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Ачкачылык жарыялаган украиналык учкуч суу иче баштады


Савченкого эркиндик берүүнү талап кылган пикет.
Савченкого эркиндик берүүнү талап кылган пикет.

Орусияда соттолушуна каршы 3-марттан бери кургак ачкачылык кармап келаткан Надежда Савченко 10-мартта акциясын токтотту.

Адвокат Марк Фейгиндин маалымдоосуна караганда, Савченко мындай чечимге украин президенти Петр Порошенкодон келген каттан кийин барган. Бирок кийинчерээк Порошенко ага эч кандай кат жазбаганы, ал эми келген кат жасалма экени анык болду. Фейгиндин айтуусунда, Савченко суу иче баштаган менен тамак-аш жебейт. Ал ачкачылыгын улантууда.

Надежда Савченко 2014-жылы Чыгыш Украинада кармалып кеткен. Аны Орусия тарап эки журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп айыптоодо. Соттун өкүмү 21-мартта чыгыш керек. Прокуратура аны 23 жылга кесүүнү сураган. (AiT)

XS
SM
MD
LG